15:34
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

ЖЭБдеги кырсык. Жабырлануучулар денесинен 6 пайыз күйүк алышкан

Бүгүн Бишкек ЖЭБдеги турбиналык цехте авария болуп, жабыркаган 2 электрослесарь денесинен 6 пайыз күйүк алышкан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын абалы канааттандыраарлык.

Маалыматка ылайык, трубиналардын бири убактылуу өчүп калган. Учурда кемчиликтер оңдолуп, жабдык ишке киргизилди. Авариянын себептерин атайын комиссия иликтеп чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби