Өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматтан кетти

15:53, 06 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.