Шашылыш билдирүү: кар жаап, үшүк жүрөт

14:26, 06 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

9-10-сентябрь күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 11-12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү ыктымал.