17:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жайыл районунда аймактык оорукананын дарыгер-реаниматологу өз өмүрүнө кол салды

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда аймактык оорукананын дарыгер-реаниматологу өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, дарыгер күрөө кан тамырын кескен.

«Суицид ишине байланыштуу эмес. Дарыгер башкалар менен да жаңжалдашкан эмес. Ал көп жылдардан бери аймактык ооруканада иштеп келген. Себебин укук коргоо органдары аныкташат», -деп билдиришти министрликтен.

Эң көп окулган жаңылыктар