Ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен кылмыштуу топ аныкталды

09:34, 06 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ири баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенишкен Талас облусунун тургундарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Тинтүү иш-чарасынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 49 килограмм 600 грамм салмагындагы марихуана баңгизаты табылган. Ошондой эле кылмыштуу топ талаада индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүрүшкөндүгү аныкталган.

Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды.