Бишкектеги Даир Асанов атындагы аскердик лицейден 50 тарбиялануучу качып кетти

09:19, 06 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Даир Асанов атындагы аскердик лицейден 50 тарбиялануучу качып кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булак билдирди.

Окуя кечээ болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, 11-класста окуган окуучулар үчүн күндүн катуу тартиби жакпайт. Учурда аскердик лицейде окуя иликтенүүдө.