Икрамидин Айткуловго карата сотко чейинки иликтөө аяктады

09:01, 06 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы жактоочу Икрамидин Айткуловго карата алдамчылык тууралуу кылмыш ишинин сотко чейинки иликтөөсүн аяктады. Бул тууралуу ШИИББ билдирди.

Маалыматка караганда, жакынкы аралыкта кылмыш иши шаардык прокуратурага, андан кийин сотко өткөрүлөт.

Эске салсак, Икрамидин Айткулов алдамчылыкка шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, жактоочу кардардан 5 миң 500 доллар алып кайра бербей койгон. Ал соттун чечими менен үй камагына алынган.