06:25
USD 86.80
EUR 91.46
RUB 0.87

«Кумтөр» канчалык маанилүү болсо дагы, Кыргызстан аны гана карап олтурбаш керек

«Инвесторлор менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөр болгонун жарыялаган Кыргызстандын өкмөтүнө негизги суроом бар: «Урматтуу аткаминерлер, сиздердин сөзүңөр канчага бааланат? Бул жолу сиздерге ишенүүгө болобу?», — деген суроо казакстандык политолог Замир Каражанов «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы абалга түшүндүрмөсүн баштады.

— Кыргызстан «Кумтөр» кени боюнча жаңы келишимге кол койду. Өкмөттөн билдиришкендей, бул мурунку келишимдерден алда канча пайдалуулугу менен айырмаланат. Кен боюнча абалга чекит коюлду деп айтууга болобу?

-Мурунку өткөн тажрыйбалардын баары биригип келип, келишимдер жана ынандыруулар тилекке каршы дайыма иштей бербегенин көрсөтүүдө. Мындан улам Кыргызстанда кен маселесине чекит коюу эрте. Балким, үтүр коюлду десек болот.

Мени бир нече күмөнүм бар. Биринчи, тараптардын жоопкерчилиги. Тактап айтканда, эгер макулдашуулар ишке ашпаса ким жооп берет?

«Кумтөрдүн» ишинин таржымалынан макулдашууну чет элдик инвесторлор бузуп, шарттарды жарым жолдо өзгөртүп жатпаганын билебиз.

Бул бир-эки жолу кайталанган жок. Инвестор менен өкмөттүн ортосунда келишпестиктерге алып келгендерди жоопкерчилиги каралып, өз жазасын алган жок. Бюджет чыгашага учурады. Ага карабай, ал аткаминерлер кызматтан көтөрүлүп, эч нерсе болбогондой иш алып барууда.

Бул негативдүү специфика Кыргызстанга жана «Кумтөр» кенине гана тиешелүү эмес. Бул постсоветтик мейкиндиктеги өзгөчөлүк. Жыйынтыгында эмне болуп жатат? Ийгиликтүү долбоор бар, бирок ал туруктуу иштебегендиктен тармактын сыймыгы эмес, оорусу болууда.

Мындан улам Кыргызстандын өкмөтүнө бир суроом бар: «Урматтуу аткаминерлер, сиздердин сөзүңөр канчага бааланат? Бул жолу сиздерге ишенүүгө болобу?»

Дагы суроо жараткан экинчи пункт — долбоордун саясий конъюнктурадан олуттуу көз карандылыгы. «Кумтөр» кенинин иштешине экономикалык жана саясий мүнөздөгү олуттуу маселелер байланышта. Андан түшкөн киреше өлкөнүн бюджетинин олуттуу бөлүгүн түзөт. Демек, бир коммерциялык долбоорго өлкөдөгү саясый абалдын туруктуулугу көз каранды. Бул канчалык туура экендигин баа берүүдөн алысмын. Бул факт.

Бул абалда кыргыз тараптын мурунку иш аракеттери логикага сыйбайт. Ансыз деле анча туруктуу болбогон абалды курчутуп, кантип тобокелди көбөйтүүгө колу барды? Эң эле туурасы — кенди кашаадан сырткары чыгарып, чет элдик бизнести аралаштырбай ички саясий келишпестиктерди чечүү керек.

 Мындай толук чечилбей турган маанилүү жагдайлар бар болсо, анда жаңы келишим ишке ашабы?

— Менин пикирим өтө эле сын көз-карашта болушу мүмкүн, бирок, мен Бишкек менен алтын казуучу ишкананын буга чейинки мамилесине таянып айтып жатам.

«Кумтөр» кенинин айланасындагы кырдаал татаал жана чиелешкен. Эгер бул долбоорго көп нерсе көз-каранды болбогондо мен баарын жаап токтотууну сунуштайт элем. Бул туура болмок.

— Сиз айткан тобокелчиликтер ишке ашып калса, өлкөнүнүн экономикасы жана аброюуна кандай зыян келтирилет?

— Тобокелчиликтердин баары алдын-ала белгилүү. Алар буга чейин деле келишимди кайра карап чыкмакчы болгон учурларда ишке ашып келген.

Эң коркунучтуусу — эгер келечекте өлкө мыйзам боюнча ага тийиштүү болгон кирешеден кол жууп калса кандай болот.

Замир Каражанов
Андыктан мен «Кумтөрдүн» Кыргызстандын бюджети үчүн маанилүүү ролуна карабай долбоорду эле карап олтуруудан алыс болууга чакырат элем. Албетте, Кыргызстанда мындай ири долбоор болбойт. Бирок, башка дагы кендер бар. Алар дагы алгылыктуу инвестиция тартууга өбөлгө боло алат.

Өкмөт «Кумтөрдөн» кийин жакшы сабак алып, башка долбоорлорду иштетүүдө бул каталарын кайталабаса. Мен буга ишенгим келет.

Эң көп окулган жаңылыктар