16:14
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан Иран, Вьетнам, Араб өлкөлөрүнө жылына 1,5 миӊ тонна эт экспорттойт

Кыргызстан Иран, Вьетнам, Араб өлкөлөрүнө жылына 1,5 миӊ тонна эт экспорттойт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште айтылды. 

Экономика министри Санжар Мукамбетовдун айтымында, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык жүрүмдөрдү эске албаган мини-цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу.

«Мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетиштик. Адал стандарты азык-түлүктүн башка түрлөрүнө да жайылтылат», — деди министр.

Ошентип, келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы — 50 миӊ доллар.

Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Депутат Элвира Сурабалдиева өкмөт өкүлдөрүнө адал эт паркы жайгаша турган жерди тандаганда, Нарын жана Баткен облустарына артыкчылык берүү зарылдыгын белгиледи.

Учурда өлкө аймагында 34 мал сойчу жай иштеп жатат, анын ичинен 3 жай гана мурдатан бекитилген 5 стандарттын талаптарына туура келери белгилүү болду.

Белгилей кетсек, ушу тапта Өлкө боюнча 53 субъектиге адал лицензиясы берилген. Ислам өнүктүрүү банкы «Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы» долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин, бул долбоорду ишке ашыруу багытында 10 миллион долларга чейин каражат бөлүүгө даяр экени белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума