Бишкекте айдоочу 3 жүргүнчүнү сүзүп качып кетти. 6 жашар кыз каза болду

11:27, 05 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жол кырсыгынан 6 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ белгисиз айдоочу 3 жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен.

«Кесепетинен 41 жаштагы С.Г. жана 3 жашар С.У. ооруканага тез жардам унаасы аркылуу жеткирилген. 6 жаштагы Б.Б. окуя болгон жерде көз жумган. Аталган кырсыкка шектүү делген жаран кармалды. Ал 18 жаштагы З.А. болуп чыкты», -деп айтылат маалыматта.