Бишкекте мектептердин 60 пайызы 50 жыл мурун курулган

17:55, 04 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте мектептердин 60 пайызы 50 жыл мурун курулган. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

Айтымында, борбор калаадагы мектептердин долбоордук кубаттуулугу-77 миң киши. 2018-2019-окуу жылында 154 миң окуучу билим алган.

Сауле Мейрманованын билдирүүсүнө ылайык, 2015-жылдан бери (курулуп, кайра калыбына келтирилип, кайтарылып) 8 мектеп жана 6 бала бакча пайдаланууга берилди.