18:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мамлекеттик карызды тейлөөгө 1 миллиард 550 миллион сом жумшалды

2019-жылдын август айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгашасы 10 миллиард 892 миллион 297,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бюджеттик уюмдарда иштегендердин эмгек акысына — 1 миллиард 876 миллион 302,6 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 832 миллион 675,1 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 3 миллион 964,9 миң сом бөлүндү.

«Андан тышкары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга — 686 миллион 999,1 миң сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга — 104 миллион 755,5 миң сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө — 72 миллион 863,8 миң сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1 миллиард 549 миллион 585,5 миң сом жумшалды», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар