12:59, 04 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министринин кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, Гүлмира Кудайбердиева өзү арыз жазып, ага Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Акыркы эки жылдан бери окуу китептери, бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары жана иш-чаралардагы баннерлер одоно каталар менен басылууда. Грамматикалык катасан сырткары, адистер окуу китептеринин мазмунундагы кемчиликтерди белгилеп келишет.
Бирок, анын баарын Билим берүү министрилиги мойнуна албай типография жана авторлорго шылтоодо.
Кечээ эле Башкы прокуратура 1-2-класстарга «Математика» китебин сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу болгонун белгилеп, өкмөткө жолдогон.