USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Чүйдө 70 гектар аянтта куураган чөп, 60 түп терек жана 30 түп алма өрттөндү

11:01, 04 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Константиновка айылында 15 гектар жердеги куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ошондой эле, аталган районго караштуу Таш-Дөбө айылында 4 гектар аянттагы куураган чөп, 60 түп терек жана 30 түп алма өрттөндү.

Ал эми Москва районунун Ак-Суу айылында 50 гектар жердеги куураган чөп күйгөн. Учурда кырсыктардын келип чыгуу себептери такталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18