06:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Газпром мектеби» жыл сайын ижара үчүн 20 миллион сомдон ашуун каражат төлөйт

«Газпром Кыргызстан мектеби» фонду Бишкек мэриясына мүлк комплексинин ижарасы үчүн жыл сайын 20 миллион сомдон ашуун каражат төлөп берет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ижара акысы- бир айга 1 миллион 734 миң 698 сом.

Муниципалитет окуу мекемесине чейинки жолдун курулушун жана коммуникацияны өз мойнуна алган. Буга 20 миллион сомдон ашуун каражат корогон.

Эске салсак, «Газпром Кыргызстан мектеби» жалпы билим берүүчү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 окуучулук орунга эсептелген. Мектеп эң жаңы жабдуулар менен жабдылган жана окуу, административдик, ашканасы бар чарбалык имарат-жайларды, актылар залын, спорттук залды жана бассейндерди камтыйт.

Эң көп окулган жаңылыктар