Нарын облусундагы айылдардын биринде балдар контейнерде билим алышат

16:33, 03 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облустук администрациясынын аткаминерлери контейнердин фонунда түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланды. Сүрөттүн алдында Кеңеш айылынын окуучулары ушул мектепте убактылуу окуй турганы жазылган. 

Фото

Нарын облустук администрациясы 24.kg агенттигине маалыматты тастыктап, сүрөттөгү «мобилдүү» мектеп бар экенин айтышты.

Маалыматка караганда, Кеңеш айлынын билим берүү мекемеси авариялык абалда турат. «ӨКМ жарымы бузулуп калган имаратта окууга тыюу салган. Мындан улам окуу атайын жабдылган контейнерлерде жүргүзүлөт. Алардын саны 6, баардыгы жылууланган. Анда 160 бала 2 кезек менен окушат», -деп айтылат маалыматта.