19:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жол кырсыктарынын санынын өсүшү- кошумча кырсыктарды эсептөөгө байланыштуу

Жол кырсыктарынын санынын өсүшү- кошумча кырсыктарды эсептөөгө байланыштуу. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, мурда майда жол кырсыктары каттоого алынбаса, эми алган жаракаттарынын деңгээли эске алынбастан эле баары каттоого алынат.

«Бүгүнкү күндө жол кырсыктарынын санынын өсүшү 13,9 пайыз болду. Буга жаңы мыйзам жана жаңы эрежелер себеп болууда. Учурда жол кырсыктарынын баары (кырсыктаган кишилердин бир жери кичине чийилип кетсе же кичине урунуп калса дагы) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталууда. Буга чейин материалдык чыгымдарга кирептер болгон кырсыктар эсеп журналына гана катталып, мындай каттоодон өтчү эмес», -деди Азамат Исраилов.

Эң көп окулган жаңылыктар