14:51, 03 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны өстү. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 7 айында 3 миң 492 жол кырсыгы катталды. Былтыркыга салыштырмалуу 1,6 пайызга көп.
«Былтыр жол кырсыгынан 308 киши каза болгон, 5 миң 532 киши жабыркаган. Ушул жылдын март айынан бери Бишкек жана Чүй облусунун аймагында «Коопсуз шаар» долбоору боюнча камералара орнотулган. Ошондуктан бул аймактарда жол кырсыктарынын саны кыскарган», -деди Жеңиш Разаков.