14:42, 03 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Ушул жылдын 1-сентябрына карата өлкө боюнча 2 миллион 555 миң 706 тонна тоют даярдалды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул былтыркыга салыштырмалуу 110 миң 48 тоннага көп.
Анын ичинен чөп — 2 миллион 171 миң 269 тонна, саман — 383 миң 341 тонна даярдалган.
«Быйыл Чүй облусунда жалпы тоют 689 миң 751 тонна, Ош облусу боюнча 471 миң 170 тонна, Жалал-Абад облусунда 596 миң 97 тонна, Баткен облусунда жалпы 113 миң 270 тонна даярдалган. Талас облусунда жер аянтынын көпчүлүк бөлүгүндө төө буурчак эгилип бош эмес», -деп айтылат маалыматта.