Атамбаевдин иши. «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынды

11:47, 03 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Биринчи Май райондук соту Бишкектин 7-кичи районундагы «7-апрель шейиттери» мечитин камакка алды. Тергөө мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны кайсыл каражатка курганын аныктап чыгат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 1 гектар жер аянты жана мечит Алмазбек Атамбаевге тиешелүү «Научно-производственная фирма «Форум» Илимий-өндүрүштүк фирма» ЖЧКсына катталган.

«7-апрель шейиттери» мечити быйыл апрелде ачылган. Алмазбек Атамбаев мечиттин курулушуна достору жардам бергенин айткан.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.