06:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

УКМК: Акциздик маркасы жок тамекилерди ташып жүргөн киши кармалды

Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 1-сентябрда Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган. Анда акциздик маркасы жок 79 куту тамеки табылган.

«Табылган тамекилер унаа ээсине таандык болуп чыкты. А.Б. аттуу жаран 2017-жылдан бери Бажы, Салык кызматы жана Каржы полициясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алышып, тамекини мыйзамсыз ташып жүргөн. Кампаларды тинтүү маалында акциздик маркасы жок 5 миң куту (ар биринде 500гө жакын пачка тамеки) табылды. Алдын ала алынган маалыматка таянсак, товардын баасы 1 миллион доллар», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар