Ошто ипотекалык программа боюнча көп кабаттуу үй курулат

09:54, 03 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаардык мэриясы Курманжан Датка көчөсүндө ипотекага бериш үчүн тогуз кабаттуу үй кура баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1, 2 жана 3 бөлмөлүү 40 батирлүү үй 2021-жылы пайдаланууга берилет.

Курулуштун тендердик баасы 166 миллион 850 миң сомду түздү. Курулуш иштерин «Памир Строй» жана «МК Партнер» ЖЧКсы жүргүзөт. 

Фото