09:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын газ менен камсыз кылуу болжолдонууда

2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын газ менен камсыз кылуу болжолдонууда. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы кеңсесине барганда айтты.

Мамлекет башчы онлайн режимде видео-көпүрө аркылуу «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетмени жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүүгө катышты.

«Ата мекендик газ тармагына 25 миллиард сом салынды. Социалдык долбоорлор активдүү ишке ашырылып жатат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Токмок шаары өлкөнүн ири өнөр жай борборлорунун бири, ошондуктан анын энергетикалык коопсуздугунун мааниси чоң экенин белгиледи. «Бул долбоор Чүй облусунун энергетикалык потенциалын жогорулатат жана башка региондорго да газ жеткирүүнүн пайдубалы болот деп ишенебиз», — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков 2014-жылы өлкөнү газ менен камсыз кылуу 22 пайызды түзсө, 2018-жылдын акырына карата бул көрсөткүч 30 пайызга жетти. 40 миңден ашык үй чарбалары газ менен камсыз болушту. «Өлкөнү мунай заттары, авиаотун жана жаратылыш газы менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылып жатканы үчүн компанияга ыраазылык билдиргим келет. Кубана турган нерсе, 2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын же 400 калк жашаган пункттарды газ менен камсыз кылуу болжолдонууда», — деп баса белгиледи ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби