Бишкекте 25 жаштагы кыз 4-кабаттан боюн таштап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, А.Г. аттуу кыз Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирген.
«Жабырлануучуну тез жардам унаасы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кетишти. Учурда анын абалы туруктуу», -деп билдиришти ШИИББдан.
Окуя 31-августта болгон.