12:29, 02 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарада Ала-Тоо аянтынан 52 бала жоголгон. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ШИИББнын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, балдарды ата-энелерине таап беришти.
Ошондой эле, 31-августта «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери аянттан 10 тонна таштанды чыгарды. Бул күнү 80 кызматкер, 8 даана атайын техника тартылды.