Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кырсык катталып, 3 киши жабыркады

11:25, 02 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кырсык катталып, 3 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, «Ауди» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. 3 киши ар кандай жаракат алышты. Куткаруучулар аларды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Кырсык Кувакы ашуусунда болгон.