Сокулук районундагы өрттө үй ээси каза болду

10:33, 02 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда турак үй күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 45 жаштагы үйдүн ээси каза болду.

«60 чарчы метр аянт күйүп кетти. Кырсыктын себептери такталууда», -деп билдиришти ӨКМдан.