USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Өмүрбек Текебаев абакта өзүн эмнеге жалгыз сезбегенин айтып берди

10:21, 02 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусундагы өзү туулган Акман айылына барды. Ал айылдаштары жана апасы менен жолукту.

Өмүрбек Текебаев айылдаштарынын колдоосуна ыраазычылык билдирип өттү.

«Мен 2 жыл 7 ай түрмөдө жатканда бир күн да өзүмдү жалгыз сезген жокмун. Анткени, мен сиздердин колдооңуздарды сезип турдум. Акман гана эмес өлкөнүн баардык региондорунан колдоолор болду. Алардын саны 100 миңдеп саналат. Андыктан, мен эч чөккөн, сынган жокмун», — деди Өмүрбек Текебаев.

Көрүп турасыздар, айрымдардын сотуна туугандарынан башка эч ким барган жок.

Өмүрбек Текебаев
Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаевдин иши кайра кароого жөнөтүлүп, ал үй камагына чыгарылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18