10:04, 02 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Эки айлык эмгек өргүүдөн кийин Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттары расмий түрдө VII сессияны ачышты.
Кыргызстандын Баш мыйзамынын 77-беренесине жана «Жогорку Кеңештин Регламенти тууралуу» Мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрдын биринчи иш күнү башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы иш күнүнө чейин уланат.
Кезектеги пленардык отурум 4-сентябрда башталат. Эске салсак, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү депутаттар комитеттерде иштешет, ал эми шаршемби, бейшемби -пленардык отурумдар өтөт. Жума күнү фракциялардын отуруму болот.