08:43, 02 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
«Ала-Арча» улуттук паркындагы өрт кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 287-берене боюнча (токойго залал келтирүү жана жок кылуу) катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
ӨКМ билдиргендей, аталган аймакта 31-августта кургак чөп жана бадалдар өрттөнгөн. Өрт саат 20:15те чектөөгө алынган.
1-сентябрда өрттү өчүрүү иштери уланган. Ага 199 киши тартылган. Түшкөн жакын өрт толугу менен өчүрүлгөн.