04:54
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өмүрбек Бабановго бир дагы кылмыш иши боюнча айып тагыла элек

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго бир дагы кылмыш иши боюнча айып тагыла элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Амантур Абдырахманов билдирди.

Айтымында, бүгүн Өмүрбек Бабанов УКМКнын сурагына саат 15:00гө чакырылган.

«Балким, кылмыш иштердин саны 8ден көп. Бирок, ал күбө катары гана өтүүдө. Бир дагы эпизод боюнча айып коюлган жок», -деди юрист.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 9-августта Бишкекке кайтып келген. Ага эки кылмыш иши козголгон. Анын бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтотулса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума