Турак жайга жана автотранспортко салык төлөөнүн мөөнөтү бир күнгө узартылды

11:30, 30 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Турак жайга жана автотранспортко салык төлөөнүн мөөнөтүн бир күнгө узартышты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Эске салсак, турак жайга жана унаага салык төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктамак. Бирок, дем алыш күнгө туш келгендиктен, төлөө мөөнөтү бир күнгө узартылып, 2-сентябрда аяктайт.

Салык органдары атайын графикке ылайык майрамга жана дем алыш күндөргө карабай иш алып барат.

Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга — 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.