Бишкектин түштүк бөлүгүнө жаңы спорт сарай курулат

11:09, 30 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин түштүк бөлүгүнө жаңы спорт сарай курулат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жаңы эс алуу жайдын ачылышында айтты.

Анын билдирүүсүндө, имараттын курулушу үчүн план иштелип чыгууда.

«Шаардын батыш бөлүгүндө каралбай калган завод бар. Ал жакта башка жакка алынып кете турган кампалар бар. Биз спорт сарай, хоккей жана футболдук стадиондун курулушу үчүн план иштеп чыгуудабыз», -деди ал.

Президент жакынкы аралыкта баш калаанын сугат түйүндөрүн ирээтке келтире тургандыгын убадалады.