09:28, 30 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Жыл башынан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги оор турмуш абалынан 1 миң 499 баланы алып чыкты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 41 бала фостердик үй-бүлөгө, 123 бала реабилитациялык жана күндүзгү борборлорго жиберилген. 265 бала балдар интернатынан биологиялык үй-бүлөсүнө кайтарылды. 313 бала башка үй-бүлөлөр тарабынан багууга алынды, арасынан бирөөнү чет элдик жарандар асырап алышты.
427 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү калыбына келтирилди.