11:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусияда террорчулукту жактаган кыргызстандыктын иши сотко өттү

Орусиянын Самара облусунда тергөөчүлөр кыргызстандык жарандын кылмыш ишин сотко өткөрүп беришти. Маалыматка ылайык, ал террорчулукту ачык актап жана башкаларды бул ишке тартып жүргөн. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазды.

Билдирүүгө ылайык, 2017-жылы кыргызстандык жаран Орусияда тыюу салынган "Ислам мамлекети" уюмуна кирген. Андан кийин интернетке террорчуларды жана алардын идеологиясын ачык эле актап жаза баштаган. 

Ал бул ишке Самаранын 32 жаштагы тургунун тартканга үлгүргөн. Террорчулукту жактагандыктан, кыргызстандыктын иши райондук сотто каралбай турган болду. Иш Поволжский аймактык аскер сотуна өттү.   

Эң көп окулган жаңылыктар