14:16, 29 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Бүгүн сот жактоочулардын өтүнүчү боюнча саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү карап чыгат. Процессти жабык өткөрүүнү жарыя кылышты. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, бул алдын ала угуу болгондуктан, жабык түрдө өтүүдө.
21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген.
Эске салсак,Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.