Бишкекте айдоочу 2 унааны сүзүп алды

12:21, 29 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Иса Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык бүгүн түнкү саат 02:00де катталган.

«26 жаштагы айдоочу «Хонда Легенд» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып «Тойота Приус» унаасын капталынан сүзүп, андан ары жолдун четинде токтоп турган «Тойота Виш» унаасын сүзүп токтогон», -деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан жабыркагандар жок.