08:08
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектеги үйлөрдүн биринен 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Бишкектеги үйлөрдүн биринен 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-январь көчөсүндөгү үйдө каза болгон кыз тууралуу билдирүүнү анын курбусу жеткирген.

«Каза болгон кыз ал үйдү ижарага алып жашап жүргөн. Өзү баш калаадагы такси кызматтарынын биринде эмгектенчү. Учурда анын өлүмүнүн себептери изилденип жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар