02:19
USD 84.80
EUR 102.91
RUB 1.16

Чычкан суусуна 5 жаштагы бала агып кетти

Токтогул районундагы Чычкан суусуна 5 жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылы туулган А.Д. аттуу бала түшүп кеткен.

«28-августта издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден 61 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана туугандарынан 20 адам тартылган. Куткаруучулар баланын сөөгүн саат 18:10 чамасында суудан таап чыгып, туугандарына өткөрүп беришти», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар