Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды
09:58, 29 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун уулу издөөгө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановго сыртынан үй камагына алуу тууралуу бөгөт чарасы тандалды. Ал кызмат абалынан пайдалангандарга катыштыгы бар делип шектелүүдө.
«8-августта Курсан Асанов кылмыш иши боюнча мааниси бар делген тастыктоочу буюмдарды, документтерди мыйзамсыз берүүнү уюштурган. Ал мунун баарын Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан. Курсан Асановдун айдоочусу Пайзылда уулу Дамирбек 8-августта саат 21:00 менен 21:15 ортосунда ТИМдин имаратынын алдынан Курсан Асановдун көрсөтмөсү менен жогорудагы буюмдарды Мухаммед-Али Асановго берген. Кийин документтерди Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына беришкен. Кылмышка катыштыгы бар жарандардын өздүгү такталууда», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.