Кумтөр менен сүйлөшүүдөн кийин каржылык келип түшүү 150 миллион долларга көбөйдү

16:22, 28 августа 2019, Бишкек - 24.kg

«Centerra Gold Inc.» компаниясы менен сүйлөшүүдөн кийин каржылык келип түшүү 150 миллион долларга көбөйтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Фото

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуунун алкагында түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондунун жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун иштөө механизмдери маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Ага ылайык, өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди.

«Кумтөрдүн» ИДПдагы үлүшү 9 пайызга жакын, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18 пайызга жакыны «Кумтөргө» таандык.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында «Кумтөр» 9,37 тонна алтын өндүрдү. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөр катары 4,22 миллиард сом которду.

Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тарап милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер жазылган. Ушул милдеттенмелер аткарылгандан кийин гана Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирмек. Стратегиялык макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 87 миллион АКШ доллар каражат келип түшөт. Өкмөт Макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүнө макул эместигин билдирген.

Узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 миллион долларга чейин көбөйтүлгөн, ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген.

«Биз кошумча 63 миллион долларга жетиштик, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган жокпуз. Мунун өзү тараптар ортосунда конструктивдүү биргелешкен иштер жүргүзүлгөнүн айгинелейт, анын натыйжасында ушундай жыйынтыктарга жетишип отурабыз. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргызстан 77 миллион АКШ долларынан ашуун каражат алат, анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна учурда келип түшкөн 7 миллион доллар бар», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошондой эле Кумтөр кенинин иштеп баштаганынан бери 22 жылдын ичинде биринчи жолу жаратылышты коргоо чараларына олуттуу каражат бөлүнүп жаткандыгын баса белгилеп кетти.

Фонддордун финансылык каражаттары максаттуу пайдаланышы тыкыр көзөмөлгө алынат. Айрым багыттар каражаттардын кайтарымдуулук механизмдери киргизилүүгө тийиш, анын ичинде фонддордун каражаттарынан инвестициялык кирешелерди алуулар да кошулат

Мухаммедкалый Абылгазиев

«Биргелешкен иштин дал мына ушундай кадамдары жана талаш-тартыштардын тынчтык жол менен жөнгө салынышы өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуудагы көрсөткүчтөрдөн болууга тийиш. Бул Кыргызстанда иштеген инвесторлор үчүн маанилүү окуя. Кумтөрдүн иши экономикалык жактан кыйла натыйжалуу болуп, кендин бардык дараметин биздин элибиздин кызыкчылыгында, экологиялык коопсуздукту сактоо менен, айрыкча кендин активдүү иши токтогондон кийинки экологиялык коопсуздукту сактоого пайдалануу керек», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы жооптуу мамлекеттик органдарга Макулдашуулардын, эл аралык экологиялык стандарттардын жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарынын шарттарынын сакталышын тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды.