13:21
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кой-Таш окуясы. Үсөнбек Ниязбеков «Эрдик» медалы менен сыйланды

7-августта Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын кызматкери, полковник Ниязбеков Үсөнбек Ниязбекович «Эрдик» медалы менен сыйланды (курман болгондон кийин). Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар