Кадамжайда үй толугу менен күйүп кетти

10:11, 28 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы аянты 24,5 чарчы метрди түзгөн үй толугу менен күйүп кетти.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.