13:20, 27 августа 2019, Бишкек - 24.kg
БШК «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып ала алабы деген 24.kg агенттигинин суроосуна жооп берди.
Төраганын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, эгерде Биринчи Май райондук соту жана кийинки инстанциялар Текебаевди күнөөсүз деп тапкан күндө да, ал парламентке келе албайт.
«Азыркы мыйзамда мандатын кайтарып алуу процедурасы каралган эмес. Ал 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанса болот», -деди ал.
21-августта Жогорку сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра кароого жиберген.