07:33
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаровдун уулунун кырсыктаган маалда жанында болгон кыздын абалы туруктуу

Садыр Жапаровдун уулунун кырсыктаган маалда жанында болгон кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«К.Д. аттуу 1998-жылы туулган жабырлануучу 22-августта Чүй облустук бириктирилген ооруканасына келип түшкөн. Анын баш мээси жабыркаган. Ошондой эле бет сөөгү, маңдай сөөгүнүн ичиндеги көңдөйлөрү сынган. Керектүү дары-дармектерди алып жатат», -деп айтылат маалыматта.

Дастан Жапар уулу жумуштан чыгып мотоциклге отуруп үйүн көздөй бара жаткан. Бул убакта С.Э. аттуу жаран жол эрежесин бузуп катуу ылдамдык менен келип мотоциклди сүзгөн. Дастан жолго кулап түшкөн, ал эми С.Э. унааны башкара албай калып жабырлануучуну тебелеп кеткен. Башкармалыктан билдиришкендей, мотоциклдин жүргүнчү отура турган жеринде 20 жаштагы кыз болгон, ал оор жаракат алып ооруканага түштү. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Керектүү экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума