07:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Хабаровск шаарында кыргызстандык айдоочу 78 жаштагы аялды сүзүп кетти

Орусиянын Хабаровск шаарында кыргызстандык айдоочу 78 жаштагы аялды жөө жүргүнчүлөр өтчү жайдан сүзүп кетти. Бул тууралуу www.dvnovosti.ru сайты жазды.

Маалыматка караганда, айдоочу аялды байкабай калган.

Милициянын айтымында, жабырлануучу оор жаракат алган. Анын баш мээси жабыркаган.

«1999-жылы туулган айдоочу күбөлүктү 2019-жылы алган. Бирок, эң аз 3 жылдык айдоочулук тажрыйбасы жок болгондуктан, анын такси кызматында иштөөгө укугу жок болчу», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума