Кайрат Нурпеисов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды

10:04, 27 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Кайрат Нурпеисов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги жазды.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин башка жарлыгы менен Карим Көкрекбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматынан бошотулду.

Кайрат Нурпеисов 1957-жылы Павлодар облусунда туулган. Ал математика адистигин аталган облустагы педагогикалык институттан алып чыккан. Кийин Алма-Ата институтунда экономист адистиги боюнча билим алган.