Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн

09:49, 27 августа 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.