21:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Аксы районунда 2 гектар аянт жердеги 1,3 тонна кара куурай жок кылынды

Жалал-Абад облусунда баңгизатка каршы аракеттенүү боюнча «МАК-2019» операциясы өтүүдө. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Операциянын алкагында милиция жапай кара куурайды жок кылууда.

«Аксы районунда 2 гектар аянт жердеги 1,3 тонна кара куурай жок кылынды. Майлы-Сууда бир гектар аянттагы кендир кыйылды. Мындай иш-чаралар буга чейин Тогуз-Торо, Токтогул, Ала-Бука жана Ноокен райондорунда жүргүзүлгөн. 33 гектар жердеги кара куурай жок кылынды», -деп билдирди ОИИББдан.

Эң көп окулган жаңылыктар