17:10, 26 августа 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык жаран Орусияга кирүү үчүн аты-жөнүн алмаштырган. Эми аны Сургуттагы жатак абакка отургузушат. Бул тууралуу Югра прокуратурасынын сайты жазды.
Маалыматка караганда, 2015-жылы кыргызстандык жаранга административдик укук бузгандыгы үчүн Орусияга кирүүгө 5 жылга тыюу салынган. Бирок, 2016-жылдын декабрында ал аты-жөнүн алмаштырып чек араны кесип өткөн.
Сот шектүүнү 7 айга жатак абакка кести.